ФИЛОСОФИЯЛЫК-СУГГЕСТИВДИК ЛИРИКА КИЙИНКИ КЫРГЫЗ-ТҮРКПОЭЗИЯСЫНДА

Суггестивдик лирика – (лат. Suggestion – внушение, намек, подсказывание) өзүн өзү же бирин көндүрүү, сооротуу, алдын ала белги берүү максатында жазылган ыр түрү. Суггестивдик лирика орус акындарынын ырларынан кеңири кездешет. Алсак: А. Фет “Певица”, А. Блок “В углу дивана”, В. Маяковский “Послушайте”, Б. Пастернак “Импровизация” ошондой эле элдик ырлардан жолуктурууга болот. Алсак:

Как со вчера цепочка горит,

Со полуночи серебряная.

Горит, горит, перегаривает,

Молодушку переманивает…

Бул ыр саптарында белги берүү, окуяны күчөтүү максаты камтылган. Жөнөкөй гана нерсени; жаркырап көзгө урунгандыгын, барын өзүнө тартып тургандыгын, анын баалуулугун жаркыраган чокко салыштырып, каймана түрдө берип, көрүнүштү укмуштудай сүрөттөгөн. Ал эми кыргыз жана түрк акындарынын ырларына кайрыла турган болсок, суггестивдик лириканы төмөнкү акындардын ырларынан кездештирүүгө болот. Алсак:

Ой кызыл жоолукчан

Кандай турмуш жайыңыз.

Курсак ачып кетти го,

Кайнады бекен чайыңыз!(…)

Ой кызыл жоолукчан

Мен дагы жаман тердедим.

“Териңди аарчып жүргүн” деп,

Канакей жоолук бергениң?! (Ж.Турусбеков)

“Кызыл жоолукчан” турмушту кандайдыр сырттан көзөмөлдөп үйрөнгөн акындын калеминен эмес, талаа бетинде тер төгүп, эмгектенген эмгек адамынын өзүнүн жүрөгүнөн оргуп чыккан ыры сыяктуу. Ошондой эле, бул өзүнчө эле бир ажайып тирүү пейзаж. Андагы сүрөттөр кинолентанын жандуу кадрлары сыяктуу ыр таасирдүү жазылган. Бирок ырдын көркөм кунары өйдөгүдөй таасын кармалган сырткы элестер менен гана чектелбейт. [Байгазиев С. Талант жана адабий прогресс. –Б:, 2012. 171-б.] Жогордогу ырга берилген пикирди жактоо менен ыр жумуш убагында жазылган, оңой, тамаша, бир нерсени көрсөтүү, белги берүү максатында жазылган.

Дагы мисал:

Дайыма бакыт жеңет, каргыш куулат,

Адамдар түндү жеңип таңга жуулат.

Солдаттан солдат эмес, кызыл гүлдөй,

Эң назик, эң бир элпек кыздар туулат.

Караңгы тарап барат акыл-ойдон,

Адамдык кала берет бийик бойдон.

Сокурдун чүрпөлөрү көрө билет,

Апапак козу туулат кара койдон. [Кожомбердиев Т. От өчпөгөн коломто. (тандалган ырлар жана поэмалар). –Ф:,Кыргызстан 1972. 142-б.]

“Ишеним” аттуу ырында жашоодогу жакшы нерселердин жеңип, жаман нерселердин жеңилип турары айтылат. Акын алдыда жакшы нерселердин болорун айтып, ишенүүгө, үмүттөнүүгө үндөйт. Дагы ушундай эле маанини камтыган дагы бир мисал келтирсек:

Эч кири жок тоолордун арасында,

Чындык жашайт наристе өңү менен.

Бийик мөңгү арчалар арасына,

Кетесиңби сулуу кыз мени менен?(…)

Желге чачпай жалындуу кезибизди,

Көндүрөбүз күн тиктеп көзүбүздү.

Аяздарга тособуз көзүбүздү,

Жебе огундай курчутуп өзүбүздү.

(…)[Мамытов Ж. Башат жана мухит. Тандалмалар. –Б:, “Адабият” 1991. 32-б.]

Акын бул ырында сүйгөнүн көндүрүү максатында жазып, айлана-чөйрөнүн кооздугун даңазалайт. Кыргыз адабиятында суггестивдик лирика атайын изилденип каралган эмес. Бирок акындардын ырларынан мындай көрүнүштөрдү байкоого болот. Кийинки эле жылдардагы Ш.Дүйшеевдин төмөнкү ырын алсак:

“Күйөөсүз төрөп салды…” деген айың,

Көкөлөп жүрдү көпкө.

Көчөнүн кечип чаңын,

“…байкуш Гүлсүн,

Курган Гүлсүн,

Шордуу Гүлсүн!..”

Гүлсүн сен азаматсың,

Кейибегин,

Келин көп күйөөсү жок.

Бул ырга сынчы Жумаев М. төмөндөгүдөй ой калтырат. “Ушак айың уйгактай илешме акыбалга дуушарланган ургаачынын ушундай абалын баалоодо, сөз арасында белгилей кетүү ылайык. Мейли поэзияда, мейли проза менен алпурушкан жаш калемгерлер арасында бир беткей тыянакка азгырылуу жоктугун, алар биринчи планга адамдын табият тартуулаган функциясын коюп, гуманистик көз караштан түшүнүү жана түшүндүрүү зарылдыгын туйгандыгын моралсыздык категориясына бардык көрүнүштөрдү аралаштырып үйө салуу учурабастыгын айта алабыз” [Жумаев М. Жаңы мезгил жана адабият. –Б:, Бийиктик. 2012. 144-б.] Бул ойдо ыр суггестивдик лирика маанисинде жазылган деп айтылган эмес. Бирок акындын аялга боору оруп, көңүл айткан мааниси камтылган деген ой айтылат. Бул ой так ушул биз изилдеп жаткан суггестивдик лирикалык ыр түрүнө кирет дегенди билдирет. Ырдын маанисине кайрыла турган болсок, ырда алгач аялдын кандай абалга кантип келгени айтылып келип, акырында сооротуу, көңүл айтуу мааниси камтылат. Демек, жогорудагы ыр саптары суггестивдик лирикалык маанини өз ичине алып, толугу менен мааниси туура келүүдө.

Ушул эле 1980-90-жылдан кийин өз ырларынын мыктылыгы менен таанылып келген түрк акыны Сефа Каплан башкача айтканда “Данектүү акын” деген аталышта да аталып жүрөт. Тил жана тарых боюнча караган ырларында кабар берүү, суракка алуу, өзүн өзү алдоо жана жашоого үмүттөндүрүү сыяктуу маанилерди камтыган ырларды жаратат. Ыр маданиятында саптын аруулугу жана тазалыгы көп байкалат. Башынан аягына чейин саптын кереметтүүлүгү жана тууралыгы сакталган. Анын алгачкы ырларынан болгон төмөндөгү ыры акындын күчүн көрсөтүү жагынан маанилүү деп айтсак болот. Анда “İlk dudak” ырынан мисал алсак:

Serpmiştik gök yüzüne yıldızları, avuçlarımızın aydınlığından

Yıldızlara, yıldızlardan uzaktayız…

Nasıl renk versin bahar tutsakken gözlerine?

Biz ki servi dallarıyla gölgelenen bir kuçaktayız.(…)

Dağıtma ruhunu iklim iklim ölümlerden ölümlere,

Düşün ki daha ilk duraktayız!.. [Doğan Aksan. Cumhuriyet döneminden bugüne örneklerle şiir çözümlemeleri. A.,2004. S. 300-301]

Кыргызча котормосу:

Септик эле алакан жайып көк жүзүнө жылдыздарды,

Бирок азыр жылдыздардан узакпыз биз.

Кандай түс бербесин көздөрүнө,

Биз тал менен көлөкөлөнгөн жердебиз.(…)

Рухуңдү түшүрбөчү өлүм дебе,

Түшүнчү жашоонун кызыгы дагы алдыда.

Ушул сыяктуу ак ыр формасында маанилүү ырларды жаратып акын чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен. “Азыркы учурда дүйнө ырын кубалап жетип, тактап айтканда дүйнөлүк деңгээлде ырларын жаратып, кеңири территорияга жайылып, келечекти айтуу жөнүндө да ыр жараткан. Сефа Каплан көрүнүктүү акындардын бири. Кыскасы бүгүнкү күндөгү сейрек кездешүүчү мыкты акын катары бааласак болот. Ал 1990-жылы “Инсан бир жалгыздык”аттуу китеби менен Бехчет Нежатигил ыр наамын алган.” [M.Sunallah Arısoy. Türk Halk Şiiri Antolojisi. Ankara 1995. S.114.]

Жогоруда берилген ырында биз эмнени байкай алабыз? Албетте ар бир коом өзгөрүш өзгөчөлүгүнө жараша уул кыздарын тарбиялап чыгаарына күбө болуп жүрбөйбүзбү, ошентип кайра эле тегеренип келип кандай гана мезгил болбосун акыры эч өчкүс түбөлүктүү тема болгон сүйүү темасына келип такалабыз. Ошондуктан сүйүү темасына кайрылбай кетсек туура болбой калат го деген ой менен жогорудагы ырды келтирдик. Бул ыр суггестивдик лирикалык жанрда жазылган ыр түрү. Акын адамдын ички сезимин берип ошондой эле адамды курчап турган жаратылышты, коомду бирге алып адам менен коомдун ортосунда кандайдыр бир деңгелде чоң байланыш бар экендигин тастыктап, коомго жараша адам сезими да өзгөрүп тураарын ачык, даана сүрөттөй алган. Ошондой эле адам сезимдеринен сүйүү сезими күчтүү экендигин да даана айтууга жетишкен.

Жогорудагы саптарда жашоого үмүттөнүп, жакшы жашоонун келечекте болоруна ишенип жазылган. Мурда эң кызыктуу жашоо өткөрүп, аруу сезимдердин кучагына бөлөнгөнүн “септик эле алакан жайып көк жүзүнө жылдыздарды” деген саптарда берсе, “бирок азыр жылдыздардан узакпыз биз” деп ал күндөрдүн тээ алыста калгандыгын белгилейт. Ушундай соонун күндөрдү жоготсо да, жашоодон үмүтүн үзбөй, балким мындан кийин мындан да жакшы күндөргө туш келербиз, деп ырды “рухуңдү түшүрбөчү өлүм дебе, түшүнчү жашоонун кызыгы дагы алдыда” деген саптар менен жыйынтыктайт. Ооба акын өзүн сооротуп, көндүрүүгө аракет жасоодо. Демек өзүн өзү көндүрүү үчүн жазылган жогорудагы маанилерди камтып жазылган ырлар биздин темабыз болгон суггестивдүү лириканы түзүп, суггестивдүү лирикалык мааниде жазылган ырлар катары саналат. Кыргыз жана түрк адабиятында мындай ыр түрүнүн кездешүүсү таң калтырарлык көрүнүш эмес. Себеби, жогоруда белгилеп кеткендей эки эл бир тамырдан тарап, жан дүйнөсүнүн кандайдыр бир деңгээлде жакындыгынан, кандайдыр бир деңгээлде биринин ойун бири камтып, бири толуктап турат.